Байден: «Биз Американын тарыхында эң көп- 74 миллион добуш менен уттук»
- 4 года мурун
Жозеф Байден президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп табылып, АКШнын 46-президенти деп жарыяланды.
Дональд Трамп шайлоо мыйзам бузуу менен өттү деп, жыйынтыктары боюнча даттана турганын билдирди.
Ао эми Байден шайлоо таза өттү деген пикирде:
«Бул өлкөнүн эли өз тандоосун жасады. Алар бизге таза жана ишенимдүү жеңиш тартуулашты. Биз Американын тарыхында эң көп — 74 миллион добуш менен уттук! Мен бөлүүгө эмес, бириктирүүгө умтулган, кызыл жана көк штаттарды эмес, жалпы Кошмо Штаттарды көргөн президент болууга ант беремин» деди Жо Байден.
Сүрөт: AFP
Муну бөлүшүү