​Нурдин Дүйшөнбеков: “Конституция долбоорун шашылыш карабаш керек” (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө мейманда эксперт Нурдин Дүйшөнбеков өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу суроолорго жооп берет.

— “Үмүт” кыймылы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 28-октябрда аягына чыкты, ошондуктан Жогорку Кеңешти таркатуу, БШК белгилеген датада- 20 декабрда кайра шайлоо өткөрүү чечими аткарылышы керек деген пикири менен чыкты. Сиздин оюңузча парламенттик шайлоо качан өтүшү керек?

— Менимче, шайлоо белгиленген убакта өткөнү туура болмок. Себеп дегенде ага чейинки шайлоо жокко чыгарылгандан кийин кайрадан шайлоо өтүш керек деп Конституцияда көрсөтүлгөн.

Экинчиден, азыркы чакырылышты карасак, эки талаштуу нерсе туруп жатат. Бир чети алар беш жылга шайланат деп Конституцияда белгиленген, бирок ошол эле беренеде кийинки чакырылыш шайланып, биринчи отурумуна чогулганга чейин булардын ыйгарым укугу сактала берет деген жобо турат.

Бирок мандат деген бар, биз аларды беш жылга шайлаганбыз. Алты же жети жылга мандат берген эмеспиз. Бул — шайлоочулар менен саясатчылардын ортосундагы саясий келишим.

Экинчи норма, кийинки чакырылыштын депутаттары чогулганга чейин деген. Бул бир эле Жогорку Кеңеште эмес, мисалы өкмөт отставкага кеткенден кийин жаңы премьер-министр, жаңы өкмөттүн курамы ордуна келмейинче,боштук болбошу үчүн буга чейинкилери милдетин аткарып турат.

Учурдагы Жогорку Кеңеш иштеп калса деле толук кандуу Жогорку Кеңеш эмес, алар -депутаттардын милдетин аткаруучулар. Жаңы чакырылыш келгенге чейин. Булардын моралдык дагы, саясий дагы мандаты бүткөн. “Конституцияны чечебиз, башка орчундуу маселелерди карайбыз” дегени туура эмес .Андайга аларда мандат жок. Эртеңки күнү бул талаш, күмөн жаратат.

Ошон үчүн мен депутаттарыбызды көйгөйлүү, келечекте мааниси бар орчундуу маселелерди карабай туруш керек дээр элем. Муну жаңы парламент, элдин ишенимин алып туруп ошолор караса туура болот.

Кененирээк – видеодо:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты