​«Ата-Бейиттеги» эскерүү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде тарых жана ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков, Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев катышты.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Президенттирн милдетин аткаруучу. Кыргызстанда 1920-1950-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктары болгон 40 миңге жакын адамдын сөөгү ушул күнгө чейин белгисиз экенин эске салды.

Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин, алардын аракетинин аркасында Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 138 адамдын жашыруун жана массалык түрдө көмүлгөндүгү коомчулукка маалым болгонун белгиледи.

Ал азыркы Кыргызстандын жаңы тарыхында, элдик толкундоолордун натыйжасында, бийлик үч жолу алмашканын кошумчалады. 2020-жылдын 5-октябрындагы окуянын себептерин Садыр Жапаров адамдардын коррупцияга болгон каршылыгы деп атады. Эми ага каршы элдешкис күрөш жарыяланып, ал коомчулукка таянуу менен жүргүзүлөрүн белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты