Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде очогунда 6 баллга жетип, жер титиреди
- 3 года мурун
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-ноябрда, саат 13:38де Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Ош шаарында 3 баллга чейин, Кадамжайда, Пүлгөн айылында 6 баллга чейин, Кызыл-Кыя шаарында жана Тамаша, Орозбеков айылдарында 5 баллга чейин, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат, Жаңы-Ноокат айылдарында, Араван районунун Араван айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт.
Муну бөлүшүү