Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды талкуулады

  • 3 года мурун

Бүгүн, 5-ноябрда, «АлаАрча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйында 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин имаратында келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Ошондой эле өлкөдөгү коронавируска байланыштуу эпидемиялогиялык абал тууралуу вице-премьер Элвира Сурабалдиева, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат беришти.

Жыйында маалымат берген вице-премьер-министр Сурабалдиева 5-ноябрга карата коронавирус дарты менен ооруган 962 кишинин абалы оор, анын ичинен 117 киши өтө начар абалда экенин белгиледи. Андан тышкары, 4-ноябрга карата 7208 киши дарыланып жатканын, анын 3437си ооруканага жайгаштырылганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева насыяларды төлөөдө үч айлык жеңилдик берилген менен алардын пайыздык туум төлөмү кайрадан алынып жатканынын себебин сурады. Экономика министрлигинин өкүлү айтылган маселени Улуттук банк менен биргелешип карап чыгуу керектигин кошумчалады. Ал эми айрым депутаттар эпидемиялогиялык абалга байланышкан экономикалык маселелерди өзүнчө кароо керектигине токтолушту.

Депутат Бактыбек Турусбеков дартка каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыкты. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Бардык жерлерде дарылоо жайларын ачып жатабыз. Азыркы тапта 8000ден ашуун орун даярдалууда» деди.

Андан тышкары, жыйында коронавирус илдетинен улам 84 дарыгер каза тапкандыгы, ага ылайык министрликке компенсация төлөө боюнча 41 билдирме келип түшкөнү, алардын 28 ине 1 млн сомдон каражат төлөнгөндүгү айтылды.

Депутат Эмил Токтошев коронавируска байланыштуу чектөө киргизүү маселесине кызыкты. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева чектөө менен маселе чечилбесин, тескерисинче экономика чоң жоготууга дуушар болорун белгилеп, ар бир адамды жоопкерчиликке чакыруу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу абалда жеңилдетүү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты