Бишкекте тойканаларды жарым айга жабуу пландалып жатат
- 3 года мурун
Бишкекте коронавирус инфекциясы кооптуу боло баштаганына байланыштуу тойканаларды 15 күнгө жабуу пландалып жатат.
Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Фейсбук баракчасында билдирди.
-15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз, деди мэрдин милдетин аткаруучу.
Бишкекте бүгүн 5-октябрда, коронавирус башка аймактарга караганда көп аныкталды, 151 кишиден чыкты. Кечээ да 151 болуп, башка аймактардан көп болуп жатат.
Муну бөлүшүү