Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосун алууну сунуштады

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайоанган Талант Мамытов депутаттар алдында сөзүндө ыраазычылыгын билдирди.

-Эл бизден көптү күтүп турат. Ишенимиңерди актайм. Чогуу иштейбиз. Бул кызмат келет-кетет, ал эми абийир-намыс түбөлүккө калат. Тарыхты биз чогуу жазып жатабыз,- деди Мамытов.

Андан кийин Мамытов мурдагы спикерлер Канат Исаевге, Дастан Жумабековго чепкен, калпак кийгизди. Мыктыбек Абдылдаевге да чепкен, калпак арналды.

Ошондой эле Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосун алып салууну сунуштады.

—Талаш-тартыш маселе, туура деп атат, анча-мынча хулигандар деген пикир айтылып жатат. Бул процесстер 3-жолу өттү. Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт. Бизди тосмо сактап калган жок. Кечээ Садыр Жапаров да Ак үйдөгү тосмону алып салуу сунушун айтты. Мен ошол идеяны колдойм. Бизди тосмо сактап калган жок. Эл менен иштөөгө тоскоолдук болбош керек, -деди Талант Мамытов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты