​БШК мүчөлүгүнө Акылбек Сариев шайланды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-ноябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариев шайланды.

Акылбек Сариевдин таапкерлигин жыйынга катышкан 101 депутаттын 64ү макул, каршы 36 добуш берген.

Акылбек Сариев мурда БШК мүчөсү болгон, ал эми 2010-2011-жылдары БШК төрагасы кызматын аркалаган.

28-октябрда Жогорку Кеңеш БШК мүчөсү Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу маселесин карап, анын өтүнүчүн канааттандырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты