COVID-19: Кыргызстанда инфекцияга чалдыккандардын саны 60 миңден ашты
- 4 года мурун
3-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 400 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек шаары — 88;
Ош шаары — 9;
Чүй облусу – 59;
Ош облусу — 33;
Талас облусу — 4;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 97;
Баткен облусу — 68.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 60 279 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 547 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 51 288 кишиге жетти.
Коронавирустан 4 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1159 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Муну бөлүшүү