COVID-19: Кыргызстанда жалпысынан 59 879 киши чалдыкты
- 4 года мурун
2-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 436 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 112;
Ош — 32;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу — 27;
Талас облусу — 15;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 41;
Жалал-Абад облусу – 108;
Баткен облусу — 80.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 59 879 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 332 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 50 741 кишиге жетти.
Коронавирустан 5 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1155 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Муну бөлүшүү