​«Түндүкэлектр” жумушчулары экс- директор Бекмырзаевдин кызматка кайтарылышын талап кылууда

  • 3 года мурун

“Түндүкэлектр” ишканасынын жумушчулары бүгүн Бишкекте тынчтык митингине чыгышты. Алар мурдагы башкы директор Доскул Бекмырзаевдин кызматына кайтарылышын талап кылышууда.

“Түндүк электрдин” жумушчулары бүгүн жумушка чыгышкан жок. Электриктер, монтерлор өкмөт үйүнүн алдына мурунку башкы директору Доскул Бекмырзаевди кызматка келишин талап кылган тынчтык митингине чыгышкан. Митингге чогулгандар Доскул Бекмырзаев жумушчулардын укугун коргоп, ишти ийгиликтүү алып барган деген пикирин айтышууда.

Буга чейин алар «Энергохолдингге» жана мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна бул маселе боюнча кайрылышкан, бирок жооп ала алышкан эмес.
Бир күн мурда Улан Астаркулов «Түндүкэлектронун» башкы директору болуп дайындалган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты