​“Клооп” юстиция министрлигин соттон утуп алды. Документ бербей турган буйрук четке кагылды

  • 3 года мурун

“Клооп” медиасы юстиция министрлигинин документтердин көчүрмөсүн журналисттерге бербей турган буйругунун үстүнөн административдик сотко арызданып, соттон министрликти жеңип алды.

Бул тууралуу аталган медиа билдирди.

Буга чейин юстиция министрлиги компаниялар тууралуу документтердин көчүрмөсүн журналисттерге бербей турган буйругун чыгарган. Бул иликтөөчү журналисттердин ишин кыйындаткан. Сот ал буйрукту жокко чыгарууга өкүм кылды.

“Клооптун” адвокаты Фатима Якупбаева сотто юстиция министрлиги компаниялар тууралуу маалыматты бербей турган буйругун чыгарууга укугу жок экенин билдирген. Анын үстүнө буйрук капысынан эле чыга калган, юстиция министрлиги мурда андай документтерди берчү, 2019-жылдын жарымынан кийин токтотуп койгон.

“Бул эмнеге байланыштуу экенин билбейбиз. Биз “Клооптун” резонанстуу иликтөөлөрүнүн кийин ушундай буйрук чыгарган деп эсептейбиз” деди адвокат.

Якупбаева журналисттерди компания ээси каякта жашаары, паспорттук маалыматтары кызыктырбай турганын, аларды компаниянын уставдык капиталы кызыктырарын, ошол учурда да бул тууралуу документ ала алышпаганын билдирди.

Юстиция министрлигинин өкүлү Жанара Замирбек кызы министрлик компаниялар тууралуу маалыматты бербеши керектигин, анда жеке маалыматтар камтылганын, компаниялар тууралуу маалымат берүү кызмат көрсөтүүсү министрликтин милдетине кирбегенин белгиледи

“Маалыматты юстиция министрлиги берет, бирок документтердин көчүрмөсүн берүү кызматын көрсөтпөйт, андай кызмат көрсөтүү — башка иш” деди ал.

Административдик сот ишти карап, “Клооптун” пайдасына чечти, юстиция министрлигинин компаниялар тууралуу маалыматты бербей турган буйругун жокко чыгаруу өкүмүн чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты