​Жапаров: Парламенттик шайлоо келерки жылдын биринчи жарымынан кийин болот

  • 4 года мурун

Кыргызстанда парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров «Инстаграмдагы» баракчасында билдирди.

«Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрда парламенттик шайлоо болот деп, туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле. 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Андан кийин кудай буюрса, реформалар жүрөт. Андан кийин парламенттик шайлоо болот» деди Жапаров.

Жапаров 23-октябрда өкмөткө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда конституциялык реформа мыйзамга ылайык жүргүзүлөрүн, президенттик жана парламенттик шайлоо референдумдан кийин, мартка чейин өтөрүн билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзамга ылайык парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда болушу керек деген токтом чыгарган. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын токтомун мыйзамсыз деп тапты.

Ал арада шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 25-октябрда 48ге жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20 -декабрда өтөт деп белгилеген. Бирок Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.

Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Административдик сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган чечимин жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты