COVID-19: 582 кишиден аныкталды. 4 киши каза тапты
- 4 года мурун
23-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 582 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 63;
Ош — 59;
Чүй облусу – 81;
Ош облусу — 127;
Талас облусу — 17;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу – 29;
Жалал-Абад облусу – 86;
Баткен облусу — 113.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 54 588 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 324 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 47 059 кишиге жетти.
4 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1126 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү