​Курманкул Зулушевди башкы прокурор дайындоого парламент макулдук берди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Курманкул Зулушевди башкы прокурор дайындоого макулдук берди. Анын талапкерлигин 84 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты.

21-октябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети башкы прокурорлукка сунушталып жаткан Курманкул Зулушевдин талапкерлигин колдоп, парламенттин жалпы кароосуна жөнөткөн

Бүгүн түшкө чейин Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкасын кабыл алган.

Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болуп келген.

Сүрөт: kenesh.kg.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты