​Шайлоо босогосун 3%га түшүрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү биринчи окууда кабыл алынды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы күн тартибинде депутат Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттар тобунун шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана Форма-2ни жокко чыгарууну мыйзам долбооруна сунуш кылган өзгөртүүлөр күн тартибинде каралып, 1-окууда кабыл алынды. Аны 83 депутат колдоду.

Бул маселенин Жогорку Кеңештин күн тартибинде каралуусуна 83 депутат “макул” дешсе, 15 депутат “каршы” деп добуш берген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

Айыл чарба министрлигине көрсөтүлгөн Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги бүгүн, Жогорку Кеңештин комитетинде бир добуштан кабыл алынды.

Баш прокурорлукка көрсөтүлгөн Курманкул Зулушевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин комиетинде бир добуштан кабыл алынды.

Атыр Абдрахматованын Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн кетүү арызын Жогорку Кеңештин комитети кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты