​Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду

  • 4 года мурун

Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бул боюнча буйрукка кол койгон.

Эркинбек Чодуев өз ыктыяры менен кызматтан кеткендиги белгиленди.

Эркинбек Чодуев бөлүмдү 2019-жылдын 30-майынан бери жетектеп келген.

Айрым маалыматтарга караганда, Садыр Жапаров айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты