​Депутаттар бир сааттан бери күн тартибин беките албай убара

  • 4 года мурун

Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир сааттан ашык күн тартибин беките албай жатышат.

Депутаттар үчүнчү жана төртүнчү маселелер боюнча — президенттик шайлоонун датасын дайындоо, ошондой эле депутат Алтынбек Сулайманов тарабынан шайлоо босогосун 3% га чейин төмөндөтүү боюнча сунушталган мыйзам долбоору боюнча талашып жатышат.

Бир катар депутаттар күн тартибине каршы пикирлерин билдирип, фракцияларда талкууланбагандыгына жана күн тартибинин долбоору өзү веб-сайтта жайгаштырылбагандыгына токтолушту.

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов парламент шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карабай, кабыл албай жатканына нааразылыгын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты