Нариман Түлеевге каршы митинг өтүүдө
- 4 года мурун
Бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаардык мэриясынын алдында Нариман Түлеевге каршы митинг өтүүдө.
Анда митингдин катышуучулары Нариман Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруу укугун алгандыгына макул эмес экенин билдиришүүдө.
Активист Асхат Осмонов өз сөзүндө: “ “Түлеевдин кызматка убактылуу келдим”, — дегени туура эмес. Милдетин аткара турган башка жаш кадрлар толтура. Биз эскилердин келишине каршыбыз. Кечээки митингдин максаты тебеленип жатат”, — дейт.
Мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев митингдин уюштуруучуларын кабыл алып, өкмөттөн жаңы мэр бекитилсе, биринчи вице-мэр катары ишин улантаарын билдирди.
“Биринчи вице-мэр болгондугум үчүн бул милдеттин мага убактылуу өтүшү мыйзамдуу».
Эске салсак, 20-октябрда мэр Азиз Суракматов отставкага кетүүгө арыз берген. Мэрдин милдетин аткаруу укугу биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Тюлеевге берилген.