​Жапаров Президенттин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол койду

  • 4 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда «Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол койгондугу маалымдалды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы 20-октябрда билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын массалык түрдө одоно бузуулардын натыйжасында келип чыккан 2020-жылдын 5-6-октябрында өлкөдө болгон элдик толкундоолорго байланыштуу, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алардын натыйжаларын жараксыз деп тааныды.

Элдин талабы боюнча ошол кездеги өкмөт кызматтан кетти жана Конституцияда белгиленген тартипте жаңы өкмөт түзүлдү. 2020-жылдын 15-октябрында Президент Сооронбай Жээнбеков арызынын жана аны жалпы элге жарыялоонун негизинде кызматтан кетти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткара албагандыгына байланыштуу, Президенттиин ыйгарым укуктарын аткаруу Премьер-министрине өттү.

Конституциянын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын аракеттеги премьер-министри катары Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткарууга 16-октябрдан баштап киришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты