20 миӊ АКШ долларын опузалоого шектүү кармалды

  • 2 года мурун

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ИИБ) тарабынан шаардын 36 жаштагы жашоочусунан ири суммадагы опузалаган  жаран кармалды.

Бул тууралуу Ош шаардык ИИБ басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Ш.М.   киши өлтүрүү үчүн мурда соттолгондугу аныкталган.
Ош шаардык ИИБге 2022-жылдын 1-март күнү Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, аны М. аттуу жаран өмүрүнө, жакындарына коркунуч келтирип, 20 миӊ АКШ доллар өлчөмүндөгү  акча каражатын  бир нече күндөн бери «WhatsApp»  мессенжери  аркылуу  талап кылып жаткандыгын билдирген.  Арыз Ош ИИБде катталып, жазык кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) белгилери менен кылмыш иши козголгон.
 2-март күнү  саат 17.00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн  алып жаткан учурда шектүү кармалып, ИИБ  убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты