20-21-июлда Бишкекте айрым жол кыймылы чектелет
- 11 месяцев мурун
2025-жылдын 20-21-июль күндөрү Монголия Республикасынын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул иш-чарага байланыштуу Бишкек шаарында айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, делегациянын кортежи «Манас» эл аралык аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейин жана кайра кайтуучу багыттар боюнча гана жолдор жабылат. Бишкек гарнизонунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайсыздык жаратпоо үчүн, ИИМ жол тыгындарынын алдын алуу максатында маршруттарды алдын ала пландап алууга, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана унааларды борбордук көчөлөрдүн боюна токтотпоого чакырат.
Муну бөлүшүү




