​Чикагодо Тrump Tower бийик үйдө арканга асылып секирем деп турган киши кыргызстандык экени айтылууда

АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттары Тrump Tower 98 кабат үйдүн 16-кабатында арканга асылып, Президент Трамп менен жолугуууну талап кылып, болбосо секирип өлөм деген киши тууралуу жазып чыгышты.

Бул тууралуу Chicago Sun Times басылмасы полициянын айткандарына таянып билдирди.

Ал эми айрым социалдык түйүн колдонуучулары Чикагодо Тrump Tower бийик үйдө арканга асылып секирем деп турган жигит кыргызстанлык экенин жазышты. Твиттер колдонуучу ал кыргыз экенин, 1980-жылы туулган Балыкчы шаарынан Эдил Алиев болорун билдирди.

Ал 13 саат сүйлөшүүлөрдөн кийин полиция тарабынан кармалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты