​Депутат тышкы карызды жөнөкөй жарандардын эсебинен төлөөнү сунуштоодо

  • 4 года мурун

Депутат Айнуру Алтыбаева жарандарды акча чогултууга жана өлкөнүн тышкы карызын, тактап айтканда Кытайга болгон карызын төлөөгө чакырат.

Ал бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда, маалымат жыйынында билдирди.

Парламентарий «Келечек үчүн» деп аталган атайын акция уюштурду, ал топтолгон каражат үчүн банк эсебин ачууну пландап жатат.

Айнуру Алтыбаева бул демилге өзүнө таандык экендигин, келип түшкөн каражаттарды көзөмөлдөө үчүн «Элдик кеңеш» байкоочулар тобу түзүлөөрүн баса белгиледи.

Депутат өзү айлык маянасын — 25 500 сом которууга даяр.

Бул бийликтин өлкөнүн тышкы карызын жөнөкөй жарандардын эсебинен төлөө боюнча биринчи аракети эмес.

2018-жылы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мамлекетке жардам берүүнү каалагандардан каражат топтоо үчүн атайын эсеп ачууну сунуш кылган.

Андан кийин көпчүлүк жарандар мамлекеттик карызды коррупционерлердин мүлкү менен төлөөнү сунушташты.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда эки эсеп ачылган — сом жана доллар менен. 2012-жылы алар жабылган, акча Каржы министрлигине которулган.

Ошол эле учурда, республиканын мамлекеттик карызы өсүүдө. 2020-жылдын июль айына карата ал 4,8 миллиард доллардан ашты жана бул өлкөнүн тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Бюджеттин тартыштыгы дагы өсүүдө — жылдын аягына чейин болжол менен 400 миллион долларга жетиши мүмкүн.

Кыргызстан акчанын көпчүлүк бөлүгүн (жалпы сумманын 43 пайызы) Кытайга карыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты