Эми митингчилер парламенттин, анын төрагасы Канат Исаевдин кетишин талап кылышууда

  • 3 года мурун

Бүгүн, 15-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып “Ысык-Көл” мейманканасынын алдына чогулушкан.

Бүгүн, 15-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады.

Эми Жогорку Кеңештин таркашы жана анын жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевдин кетиши талап кылынууда.

Митингчилер имараттын бооруна «Биздин президент Садыр Жапаров», «Исаев кетсин!» жана «120 депутат бизге кереги жок» деген ураандарды илип коюшкан.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты