Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти
- 4 года мурун
Бүгүн, 15-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Бул туралуу Президенттин Аппараты билдирди.
Билдирүүдө Президент Сооронбай Жээнбеков: «Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы кызмат ордунан бийик. Ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат», — деп белгиленет.
Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин митингдер өткөрүлүп, президент отставкасын талап кылгандар дагы чыккан.
Муну бөлүшүү