Президент премьер-министрди дайындоо боюнча токтомго кол койду
- 4 года мурун
Бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду Премьер-министр кылып бекитүү токтомуна кол койду. Бул туралуу Президенттин аппараты билдирди.
Маалыматта Конституциянын 84 беренесинин 5 бөлүгүнө ылайык Өкмөттүн курамын бекитүү токтомуна Президент кол койгону айтылат.
Эскерте кетсек, бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Өкмөт курамын бир добуштан бекитишкен.
Муну бөлүшүү