​Статком: Республиканын экономикасы 9 айда 6 пайызга төмөндөдү

  • 4 года мурун

Улуттук статистика комитети республиканын экономикасы 9 айда 6 пайызга төмөндөгөнүн билдирди.

Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-сентябрь айларында, алдын ала баалоо боюнча, 400 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөдү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, январь-сентябрь айларында ИДП көлөмү 350 миллиард сомду түзүп, 7,1 пайызга азайды.

Январь-сентябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,9 пайызга өстү. Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар (5,3 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,6 пайызга), кызмат көрсөтүүгө болгон баалар – 0,2пайызга өскөнү байкалды.

Ушул эле учурда, ушул жылдын сентябрь айында азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар август айындагы көрсөткүчтөрдөй эле калды.

Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 1,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 19,4 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр — 22 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр — 18,6 пайызга төмөндөдү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты