Курсан Асанов 2 айга камалды
- 4 года мурун
Бүгүн 12-октябрда, Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды.
Соттун чечимине ылайык 2 айга Бишкектеги №1 убактылуу абак жайына 2 айга, 13-декабрга чейин камоо чечими чыкты.
Ал «массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен 9-октябрда кармалган.
Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Темирлан Султанбековдун соттук иши өткөрүлүп, эки айга камоо чечими чыкты.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.
9-октябрда массалык баш-аламндыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары — Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.
Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.