Садыр Жапаров ЖКнын жыйынына келди
- 4 года мурун
Премьер-министрликке талапкерлердин бири Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына келди.
Бүгүн, 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Ага премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров дагы катышып жатат.
Кезексиз жыйында Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлык, өкмөттүн курамын бекитүү жана өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлер каралат.
Муну бөлүшүү