Премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат
- 4 года мурун
Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чукул жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Ал жыйында сөз сүйлөп, өкмөттүн курамы өзгөрбөгөнүн билдирди.
Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин кезексиз чукул жыйыны ишин баштады.
Премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетүүгө арыз жазганы маалым болду. Өкмөт башчылыкка «Достук» отелине чогулган депутаттар тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунуштаган. Эми аны бекитүү гана калганы айтылып жатат.
Муну бөлүшүү