Өмүрбек Текебаев мекендештерге кайрылды (Видео)

Өмүрбек Текебаевдин кайрылуусу:

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мекендештерге кайрылды.

-Кыргызстанда кырдаал абдан курч, татаал, коркунучтуу.

2005-2010-жылдары революция болгондо убактылуу бийлик бир нече сааттын ичинде түзүлүп, өзүнө жоопкерчиликти алып, өлкөдөгү бардык саясий күчтөр таанып, сырткы дүйнө дагы тааныган.

Бийликтин жеңилгенине төрт күн болсо да, бул жолу баарыбыз тааныган, баш ийген өткөн мезгилдин бийлигин калыптандыралы деп жатабыз.

Бул биз үчүн өзгөчө шайлоонун жыйынтына нааразы болуп, элди көтөрүп чыккан партиялар үчүн кечирилгис ката. Бул — биздин кемчилигибиз.

Революцияга катышкан партиялар сүйлөшүп, макулдашып, бир пикирге келип, ошол эле 6-октябрь күнү түзүшүбүз керек эле. Бирок, саясий күчтөр үч-төрткө бөлүнүп, ар кимиси өзүн негиздүү деп эсептеп, өкмөт түзгөнгө аракет кылып жатат.

Бардык саясий күчтөр, ошонун ичинде экс-президент Роза Отунбаева дагы бийликке аралашпаса дагы Президент бар экендигин, өлкөдө өзүнүн позициясын көргөзбөй жоопкерчиликтен качып четке кеткен Парламент болсо дагы, анын формалдуу бар экендигин баарыбыз моюнубузга алышыбыз керек.

Мыйзамдуу бийликти мына ушул эки институт аркылуу түзүшкө туура келет. Биздин мыйзамга ылайык, эл ишенимине болгон өкмөттү Парламент кечиктирбей түзүш керек.

Урматтуу депутаттар, Ата Мекен коркунучта!

Биздин өлкөнүн келечеги коркунучта!

Четке чыкпагыла, жоопкерчиликти мойнуңарга алып, эл алдында, тарыхта жүзүңөр жарык болуп отставкага кеткиле.
Ал үчүн бүгүн тез аранын ичинде жыйналып, өкмөт башчысын аныкташыңыздар керек.

Бүгүн бир нече топ өз өкмөт башчыларынын жылдырып отурушат.

Биз, мен бардык саясий күчтөрдү чакырам, Парламент кандай болбосун жагабы, жакпайбы ал тандап берген премьер-министрди таанышыбыз керек.

Ал өкмөткө мыйзамды орнотуп, тартипти сактаганга жардам беришибиз керек. Төрт күн болду бийлик жок.

Элге, элдик активисттерге рахмат! Коопсуздукту, мыйзамды алар өз алдынча сактап, өлкөнү коргоп турат.

Мен укук коргоо органдарына кайрылат элем, депутаттарга басым болбоосун, бүгүнкү парламенттин жыйналышын эркин өткөрүүнү камсыз кылып беришиңиздер керек.

Бүгүн, баарыбызга белгилүү саясий топ өзүлөрүнүн талаптарын, ушул эле мен айткан талаптарды айтып атышат.
Анткени, алардын каалоолору бир, эли бир, жери бир, мамлекети бир. Алардын ниети деле элге кызмат кылуу. Бирок, алардын көз караштары ар кандай болуп отурат.

Мен укук коргоо органдарына кайрылат элем, ошол жыйналган адамдар бири-бири менен кагылышып кетпегендей алардын ортосуна арачы “кардон” түзүп, кагылышууга жол бербеңиздер.

Мен саясий партиялардын лидерлерине кайрылат элем, биз да өзүбүздүн талапкерлерибизге кайрылып, бүгүнкү иш — чараларды тынчтык жолу менен бүтүрөлү.

Бүгүн биз жаңы өкмөт менен тарап кеткендей бололу.

Жаңы өкмөттүн алдында негизинен төмөнкү эле маселелер бар. Алар: мыйзамдуулукту камсыз кылып, экономикалык туруктуулукту сактап калуу. Эң негизгиси — таза шайлоо өткөрүү.

Таза эмес шайлоо өткөрүп, ошонун жыйынтыгы менен бийликти узурпациялап, элдин келечегин менчиктеп алабыз деген мурунку бийликтин, бийлик партияларынын аракетинен улам мына ушул революция болду.

Биз буга экенчи жол бербешибиз керек. Ал үчүн шайлоо таза гана болбостон, карапайым элдин партияларынын парламентке келишине мүмкүнчүлүк ачып беришибиз керек.

Ал үчүн шайлоо босогосунун 7 %ын, 3 %га түшүрүш керек. Бүгүнкү парламенттин милдети өкмөттү гана шайлап коюш эмес, парламентке келгенге элге тоскоол болбой, босого пайыздарды алып салуу керек.

Күрөө 5 миллион сомдон, 1 миллион сомго түшүш керек. Ошондо жаңы, жаш, карапайым адамдардын өкүлдөрү дагы парламентке келет.
Парламентке келбей, шайлоочулардын эл өкүлдөрүнүн сыртка калганы коркунучтуу экендигин биздин үч революция көрсөттү.

Бүгүнкү парламент тез аранын ичинде элдик өкмөт түзүш керек. Ал эми өкмөт шайлоону кынтыксыз аткарып, шайлоону таза өткөрүп бериш керек.

Андан ары Кыргызстан тынчтык жолу менен алдыга умтулушу керек.

Мекендештер чагымга алдырбаңыздар! Баары бүгүн жакшылык менен бүтсүн!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты