​Садык Шер-Нияз айрым саясатчыларга кайрылуу жасады

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Садык Шер-Нияз өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу Текебаев, Атамбаев, Мадумаров, Бабанов, Ташиев, Шыкмаматов, Акаев, Казакбаев өңдүү саясатчыларга кайрылуу жасады.

Садык Шер-Нияздын кайрылуусу:

Урматтуу саясатчылар, силер ыймансыздыктын, бети жоктуктун үлгүсүн көрсөтүп жатасыңар.

Ар кимиңер өзүнчө топ түзүп, өз кандидаттарыңарды ушунчалык жүзү каралык менен сүйрөп бара жатасыңар. Муну эл билбейт дейсиңерби?! Эл баарын билет!

Бир топко биригип, жеңишке жетсеңер, ошол эле топ кайра биригип ким президент болоорун чечип алсаңар болбойбу?

Бир жолу өз амбицияңар үчүн эмес, Кыргызстандын амбициясы үчүн иштеп койсоңор болбойбу? Жетиштүү болгон жокпу биздин алган ачуу сабактар?

Башыңарды кошкула, кара мүртөз болбогула! Эгер тактык, же спикерлик талаш болсо, анда баарыңар кошулуп, кара кагаз, ак кагаз кылып чечип алгыла!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты