​Эмил Жороев: “Координациялык кеңеш уюштуруу иштерин колго алышы керек”

Политолог Эмил Жороев учурдагы саясий кырдаал тууралуу “ПолитКлиника” медиасынын суроолоруна жооп берди.

— Сиздин оюңузча учурда түзүлгөн туңгуюк саясий абалдан кантип чыгыш керек?

— Менимче, бул абалдан чыгуунун бир жолу — ишти, ошондой утурумдук гана, убактылуу бардык саясий күчтөрдү топтогон убактылуу кеңеш уюштуруш керек. Ошолордун уюштуруусу аркылуу убактылуу башкаруу бийлиги орнотулушу зарыл. Парламенттеги фракциялар, депутаттар менен иштешүү координациялык кеңештин иши болуш керек.

— Садыр Жапаровду кечээ чогулган депутаттардын бир тобу премьер-министр кылып сунуштадык дешти. Жапаров өкмөт башчылык ишин баштадым деди.

— Садыр Жапаровду премьер-министрликке сунушташканы жана анын премьер-министр болдум деп чыкканы, албетте, бул бийликте убактылуу ваакум болуп калганынын көрүнүшү экени алдын-ала күтүлгөн нерсе болчу. Башка эч ким жок болуп жатканынан, ал, албетте, ошондой деп чыга келди. Ага ошол учурда бул туура эмес деген деле киши болгон жок.

— Парламенттин бир тобу бир жакта, экинчи тобу экинчи жакта жыйын курууда. Ушул эки топту чогултуш керек да.

— Бул бөлүнгөнү туура эмес. Эгер алар бөлүнсө, анда узакка созулган хаоско келип калабыз, анархия болуп кетет. Эки бөлүнбөй чогулушу керек. Кечээ 60тан ашыгы чогулду дейт, алардын баары биригиши керек. Парламенттик жыйын чакырылыш керек, ошонун негизинде чечим чыгарылшы керек.

Садыр Жапаровдун өзүнчө жетекчилик кылууга укугу да, мүмкүнчүлүгү да жок. Эгер ал бекитиле турган болсо, анда бардык саясий күчтөр менен биригип, макулдашып иштөөгө тийиш, биригип иштегиси келбесе, анда мажбурланышы керек.

— Сооронбай Жээнбеков Би-Би-Си радиосуна интервью берип, мен легитимдүү Президентмин, мага көп нерсе байланыштуу деп айтып кетти.

—Ооба, ал легитимдүү Президент бойдон калып жатат, шайлоо аркылуу келген, Президент бар, формалдуу түрдө жумуштан кеткен жок. Мага Президент катары көп нерсе байланыштуу дегени документтерге кол коюшу керек, министрлер кабинетин бекитүүгө да, легитимдештирүүгө, жаңы шайлоо жарыялоого да көмөгү болушу мүмкүн. Ал катышпайм десе деле боло берет, бирок өз колу менен бекитип, отставкага кетем дечү болсо, менимче туура болмок. Формалдуу түрдө легитимдүү, бирок эч кандай бийлик анын колунда калбаганы ачык.

— Дагы бир топ адамдар өздөрүн кызматка алып келип алышыптыр. Бул жагын кантип жөнгө салыш керек?

-Бул дагы уюшулган, консолидация болгон кеңештин зарылдыгын көрсөтүп жатат. Өздөрүн өздөрү кызматка коюп алган кишилер ошол эле кечээ шайлоого катышып жүргөн партия мүчөлөрү, азыр ар кимиси бийлик талашып жатышат.

Партиялар чындап шайлоого легитимдүү түрдө барышы керек болсо, анда бул иштерин токтотушу керек. Буга чейинки кызматта тургандардан калышы керек. Баарын эле четтетип, жумуштан кетире берүү керек эмес.

— Жаштар, реформачыл күчтөр мыйзамдуу жолду, люстрацияны талап кылып чыгып жатышат. Жаштар да азыркы консолидация ишине тартылышы керекпи?

-Ооба, бардык саясий күчтөрдү ичине камтыган, элдин калың катмарын чагылдырган кеңеш болушу керек.

Ал кеңеш, албетте, убактылуу, чектелүү чөйрөлөрдөгү маселени карашы керек. Ар кандай, мисалы дайындоо ж.б. маселесин чечпейт. Бирок ушул өткөөл күндөрдү иреттүү түрдө өткөрүп берүү, министрлер кабинетинин ишин уюштуруп берүүгө көмөк болушу зарыл. Жаштарды да сөзсүз кошушу керек.

Люстрация маселеси зарыл экенин баарыбыз эле түшүнүп калдык. Бирок, менимче, ал азыркы учурда реалдуу эмес. Люстрация болушу керек, ал кишилер өздөрү өздөрүн люстрация кылбайт да.

Айгүл Бакеева/”ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты