​Садыр Жапаровго каршы митинг өтүп жатат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 7-октябрда Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы митинг болуп жатат. Ага «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган бир нече саясий топ катышууда.

Митингде сөз сүйлөгөндөр «Мурдагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү өкмөт башчылыкка эмес, таза, адилет, ачык-айкын иштей турган жаш лидерлер келсин» деп талап кылышууда.

Активист Улан Үсөйүн чогулгандарга модераторлук кылып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты