Оштун мэри элди сабырдуулукка чакырды

  • 3 года мурун

Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана шаардын мэри Таалайбек Сарыбашев Оштогу аянтка келди.

Митингчилердин бир бөлүгү алардын микрофон алып, сөз сүйлөөсүнө каршылык көрсөтүшсө, экинчи бөлүгү мэрдин жана депутаттардын трибунага чыгуусун сүрөштү.

Мэр Таалайбек Сарыбашев өз сөзүндө: “Биздин биринчи кызыкчылык эл. Биз сиздер үчүн иштейбиз. Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам! Сиздер менен бир болууга келдим”, — деп митингчилерге кайрылган.

Мэр сөзүнүн аягына чыга электе, микрофонду тартып алышты. Митингчилер “Мэр кетсин!”, — деп кыйкырып, мэрге күч колдонууга аракет жасашкан.

Мэр өз тарапташтарынын коштоосунда топтон бөлүнүп чыгып, Ош шаардык мэриянын имаратына кирип кетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты