Шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг

  • 3 года мурун

Бишкекте «Ала Тоо» аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон партиялардын митинги өтүп жатат.

«Ала Тоо» аянтында «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары акция баштаган. Ал эми «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери аларга кошулду.

Чыгып сүйлөгөндөр бул шацйлоо тарыхта бьолуп көрбөгөндүй ыплас өткөнөн, анын жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришүүдө.

Кечээ, 4-октябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо болду. Алдын ала жыйынтыак боюнча «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары алдыда келатат.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты