Алмамбет Шыкмаматов: “Шайлоо эмес, бандит менен уурулардын бийликти басып алуусу болду”

  • 4 года мурун

«Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», “Замандаш” партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында тарапташтары менен тынчтык митингин өткөрүшүүдө.

Митингде “Бир Бол” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, аталган партиялар шайлоонун жыйынтыгына макул эмес экендигин, алар шайлоочулардын укугун коргоп күнүгө митингге чыга тургандыгын билдирди.

“Кечээ Кыргызстанда шайлоо эмес, мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин бандит менен уурулардын басып алуусу болду. Бирок, биз муну менен макул болуп, буга жол бербейбиз. Бандиттер менен уурулар бизди камай алышпайт. Биз, бүгүн бул жыйынтыкка макул болуп койсок, анда беш жылга эмес дагы 20-30 жыл тепселендиде калабыз. Бүгүн 1 млн 900 миң киши шайлоого келсе, анын 1 млн 200 миңинин добушун уурдашты. Биз булар ойлогондой мал эмеспиз, добушубузду уурдатпайбыз. Биз азыр партия, партия деп бөлүнбөй баардыгыбыз бир саясий күчтүн алдында бир муштумдай түйүлүшүбүз керек”, – дейт Шыкмаматов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты