​»Республика» партиясы өткөн шайлоонун жыйынтыктарын күмөнгө алат

  • 4 года мурун

«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын күмөнгө алаарын билдирди:

«Анткени шайлоодо болгон байкоолорубузга караганда, шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар, добуш сатып алуулар фактылары катталды. Биз бул фактыларды топтодук, биздин юристтер Башкы прокуратурага, ИММге жана БШКга тийиштүү кайрылууларды жасады. Биздин байкоочулар, башка оппозициялык маанайдагы партиялардын байкоочулары менен бирге, шайлоодогу мыйзам бузууларды, добуш сатып алууларды, админресурсту пайдаланууларды жана адамдарды массалык түрдө шайлоо тилкелерине алып келгендерин байкашты. Азыр биз ал фактылар туралуу актыларды жети облустан чогултуп жатабыз. Алар чогулган соң, БШКга кайрылабыз«, — деп билдирди Мирлан Жээнчороев.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты