Шайлоо-2020: Саясий партиялар канча каражат коротту? (Инфографика)

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо
боюнча 3-октябрга карата маалыматты жарыя кылды.

Шайлоо мезгилинде саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 864 906 сом которулуп, 668 582 779 сом сарпталды.

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат 03.10.2020-жыл (миллион сом). (Инфографика)

Flourish logoA Flourish chart

Инфографикадв көрүнгөндөй:

1. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын эсебине шайлоого 142 млн 522 миң сом түшкөн, анын 142 млн 503 миң сомун короткон:

2. «Кыргызстан» партиясы эсебине 123 млн 919 миң сом түшүрүп, 123 млн 666 миң сомун короткон;

3. «Биримдик» партиясы 104 млн 664 миң сом эсебине түшүрүп, анын баарын короткон.

4. «Республика» 51 млн 848 миң сом эсебине түшүрүп, анын баарын короткон.

5. «Ата мекен» партиясы 52 млн 833 миң сом эсебине түшүрүп, анын баарын короткон.

6. «Замандаш» партиясы 41 млн 708 миң сом эсебине түшүрүп, баарын короткон

Саясий партиялардын 3-октябрдагы финансылык отчетуна ылайык, саясий партиядардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 547,73 миллион сом каражат түшкөн, анын 542,51 миллион сому мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн саясий партиялардын шайлоо фондунан 521,794 миллион сом сарпталды, анын 80 миллион сому (15,3%) шайлоо күрөөсүнө төлөндү.

Акчанын көпчүлүк бөлүгүн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерине сарпташты -384,839 миллион сом (73,7%), анын ичинен телерадио берүү уюмдары аркылуу үгүт жүргүзүүгө— 150,081 миллион сом (28,8%);

Мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалары аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү үчүн-108,861 млн сом (20,9%).

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунан пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы 21,303 миллион сомду түздү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты