Добуш сатып алуунун жаңы ыкмасы. Ийнени эмнеге таратышты?

  • 4 года мурун

Добуш сатылып жатат деген маалымат шайлоо тилкелери ачылгандан бери интернет жана социалдык баракчаларда улам-улам чыгып жатат.

“Реформа” партиясынан талапкер Эркин Нурбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына сүрөт жарыялаган. Ал постунда “Мекеним Кыргызстан” партиясы Нарын шаарында шайлоочуларга кичинекей ийне берип, “мунун ичинде камера бар, силер кимге добуш берип жатканыңарды көрөбүз” деп айтканын жазып чыккан.

Ошондой эле “Биримдик” партиясынын өкүлдөрү добуш үчүн ачык эле соодалашып, шайлоочуларды бирден киргизип, шайлап чыккан соң акчасын берип жатканын Ош мамлекеттик университетинин курулуш колледжинде жайгашкан №5314 шайлоо тилкесинин коомдук байкоочусу билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты