​Будапешт-Бишкек аба каттамы ачылат

  • 4 года мурун

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Президенттин басса сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон иш сапарында Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселеси айтылган .

Буга чейин, 2020-жылдын май айында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги видео конференция учурунда, венгриялык тарап венгриялык «WizzAir» авиакомпаниясы менен түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экендигин билдирген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Будапешт-Бишкек каттамы боюнча түз каттамдарды ачуу боюнча иш алып барышууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты