Башкы прокуратура Кадырбек Атамбаевдин айткандары боюнча түшүндүрмө берди

  • 4 года мурун

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевдин 28-сентябрда “Фейсбук” социалдык тармагында жарыялаган видеоматериалы боюнчп түшүндүрмө берди.

Видео материалда тарых музейинин капиталдык ремонттоо учурундагы коррупция фактысы боюнча башкы прокуратуранын бөлүм башчысы, Президент Сооронбай Жээнбековдун жээни Арстанбек Боромбаев тарабынан жазуу түрүндө тапшырма берилгенин жана аны аткарбаса, УКМК тергөөчүсүнө коркунуч келери айтылган.

Ошону менен башкы прокуратура кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-беренесинин тергөөчүнүн процессуалдык өз алдынчалыгына жана көз карандысыздыгына шек келтиргендиги айтылат.

“Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-4-беренесине ылайык, прокурордун тергөө жана иликтөө органдарына арыздарды кароо, кылмыш жана иликтөө тууралуу билдирүү боюнча берген көрсөтмөсү милдеттүү болуп саналат.

2019-жылы 26-августта башкы прокуратура мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишин изилдеген. Натыйжада кылмыш-процессуалдык кодексинин 34-беренеси боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына кат түрүндө көрсөтмө берилген. Прокурордун көрсөтмөсүн аткаруу ушул эле кодекстин 36-беренесине ылайык, тергөөчүнүн милдети болуп саналат. Эгер тергөөчү прокурордун көрсөтмөсүнө макул болбосо, анын үстүндөгү прокурорго өз жүйөсүн кат түрүндө билдирүүгө укуктуу. Бирок бул аракети анын прокурордун берген көрсөтмөсүн аткарбай коюусуна жол бербейт”.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мамлекеттик тарых музейине байланыштуу кылмыш ишинде УКМК тарабынан Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүнө каршылык болгон эмес.

2018-жылы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген беренеге ылайык, өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында иликтенип-тергелип жаткан кылмыш иштери изилденип чыккан. Анын натыйжасында иликтеп-тергөө органдарына 7688 көрсөтмө кат түрүндө берилген.

Ошондой эле маалыматта Кадыр Атамбаев сөз кылган Арстанбек Боромбаев прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жатканы, анын басымдуу бөлүгүн жетекчилик кызматтарда иштегени маалымдалган. 2019-жылы Башкы прокуратуранын бөлүм башчылык кызматынан өз арызынын негизинде бошотулганы, жакшы кызматы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгону тууралуу жазылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев 28-сентябрда «Апрель» каналы аркылуу жасаган билдирүүсүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Ал Президент Жээнбековдун Башкы прокуратурада бөлүм башчы болуп иштеген жээни Арстанбек Боромбаев мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун кылмыш ишин көзөмөлдөгөнүн, ишти караган тергөөчүгө кат түрүндө көрсөтмө бергенин айткан. Мындан тышкары Кадыр Атамбаев ички иштер министрлигинде, «Айыл банктын» Чүй облусундагы филиалында, мамлекеттик бажы кызматынын түштүк-батыш бөлүмүндө президент Сооронбай Жээнбековдун туугандары иштеп жатканын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты