COVID-19: 158 кишиден аныкталды
- 4 года мурун
26-сентябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 158 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 22;
Ош — 9;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу — 22;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 34;
Баткен облусу — 43.
Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 2 медкызматкер айыгып чыкты.
Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3234кө жетти. Алардын арасынан 2037 кызматкер сакайып чыкты.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 46 090 ге жетти.
155 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 42 302 жетти.
Өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок.