Кыргызстанда доллар кымбаттоодо

  • 4 года мурун

Өлкөдө доллардын курсу кайрадан 80 сомго жакындады. Valuta.kg порталынын маалыматына караганда, Бишкектеги акча алмаштыруу бюролорунда орто эсеп менен 1 АКШ доллары 79,76 сомго сатылып, 79,41 сомго сатылып алынууда.

Улуттук банк 25-сентябрда бекиткен расмий курс боюнча доллар 79,3 сомду түздү.

Сентябрдан бери акча алмаштыруу жайларында доллар 1,5 сомго кымбаттады. Өзгөчө сонку күндөрү эл аралык валютанын куну кескин көтөрүлүүдө. Улуттук банк 23-сентябрда жалпысынан 11,2 миллион долларды валюта рыногуна чыгарды. Акыркы жолу банк 9-сентябрда интервенция жасап, 6,6 миллион доллар саткан.

Быйыл март жана апрель айларында коронавирус эпидемиясына байланыштуу карантин киргизилген маалда доллардын курсу 85 сомго чейин кымбаттап кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты