​Россияга билеттердин баасы 130 миңге чейин жетип жатат

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамы ачылгандыгынан улам, Москва шаарына кетүүнү каалагандардын саны кескин арбыган. Ошого байланыштуу билет сатуучу жайларда эл топтолуп, билет ала албагандар жана билет баасына нааразы болгондор көбөйдү.

Арасында буга чейин, тагыраагы үч, төрт ай мурда билет сатып алып коюп, азыр уча албай жаткандар да көп. Биздин редакция билет сатуучу жайлардын бирине барып, жагдайды жеринен көрүп келди.

Талас облусунун тургуну Андаш Мамбеталиев пандемияга байланыштуу үч айдан бери Москвага кете албай жаткандыгын, ал тургай үч ай мурда “Аэрофлот” авиакомпаниясынан 13 миң сомго билет сатып алып койгондугун айтат.

Андаш Мамбеталиев

Ден соолугум начар болгонуна байланыштуу врачтар Орусиядан дарыланууну сунуштаган. Эми каттамдар ачылып, “Аэрофлот” авиакомпаниясына келсек, “Билет жок, качан болоору белгисиз” — деп жатышат. Бирок бизди биринчи кетириши керек эле, анткени мен билетти үч ай мурун алгам. Мен 13 миң сомго алсам, азыркы учурда ошол эле билеттин баасы 40 миңден 80 миңге чейин болуп жатыптыр. Биздин өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болмок”, — дейт Андаш Мамбеталиев.

Билет баасы 130 миңге чейин

Ал эми Алмагүл Жумашалиева “Аэрофлот” авиакомпаниясынын алдында 300гө жакын адам кезек күтүп тургандыгын, бир билеттин баасы 130 миң сомго чейин кымбаттап жаткандыгын айтып кейийт.

Алмагүл Жумашалиева

“Москвага кетүү үчүн алгач элчилике бардым, ал жерден “Аэрофлотко” баргыла деди. “Аэрофлот” авиа компаниясынын кызматкерлери “билеттер жок, качан болору белгисиз” деп жатышат. Бирок, бул жерден тааныш-билиш аркылуу билеттерди алып жаткандарды көрүп жатабыз. Ал адамдардан сурасак, “Биз телефон аркылуу сүйлөшүп койгонбуз” деп жатышат. Эмне үчүн карапайым адамдарга көңүл бурушпайт? 21-сентябрь күнү эле билет баасы 12 миң сомдун тегерегинде болчу экен, азыр болсо 42, 47, 53, 89, 130 миңге чейин сатылып жатат” — дейт Алмагүл Жумашалиева.



“Авиакомпаниялар көңүл бурбай жатышат”

Ырчы Жаныш Момунов Фейсбуктагы жеке баракчасына “Жума күнү биринчи рейс учту дейт. Сурасам, алар 40 миңден 200 миң сомго чейин сатып алгандар учуп жатышат дейт” — деген билдирүү калтырган. Көп өтпөй бул билдирүүсүн жеке баракчасынан өчүрүп салган.

Ырчы менен байланышканыбызда ал, 200 миң сомго жетти деп жазып алганын, бирок, билет баасы 130 миң сомго жеткенин, ошондуктан жазган постун өчүрүп салганын айтты.

Аны менен катар эле ырчы Жаныш Момунов февраль айында “Аэрофлот” компаниясынан 11-мартка билет алганын, бирок пандемияга байланыштуу уча албай калгандыгын айтат.

“Мен билетти 20 миң сомдун тегерегинде сатып алгам. Эми биздин билеттер, атайын түзүлгөн тизменин аягында болуп жатат. Авиакомпания акча табыш үчүн бизге көңүл бурбай, 30 миңден 130 миң сомго чейин билет сатып алган адамдарды кетирип жатат. Мен тааныштарым аркылуу сүйлөшсөм, алар “Бул маселе аябай кыйын” экен деп, эч нерсе кыла алышпайт деп айтышты. Биздин билеттерибиз күйбөйт экен, кийинчерээк рейс көбөйгөндө ордуна келтирип беришет экен. Азыр булар билетти атайын аябай кымбат сатып, өздөрүнө акча иштеп атышат. Бул жерде башаламандык болуп атат” — дейт ырчы Жаныш Момунов.











«Билеттердин баасын авикомпания өзү коет»

Бул маселе боюнча Жарандык авиация агенттигине кайрылганыбызда, Жарандык авиация агенттигинин жарандык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Алымбай Абакиров мындай маселелер аба каттамдарынын аз учуп жаткандыгынан келип чыгып аткандыгын айтат.

Анын айтымында, азыр Москвага учактар жумасына бир жолу, жума күндөрү гана учуп жатат. Бир учак 400гө жакын адамды алып кете алат.

“Билеттердин баасын авиакомпания өзү коет. Билеттин баасы сатылганына, абалга жараша өзгөрөт. Мисалы, учакка биринчи 115 билет 15 миң сом турса, кийинки билеттер кымбатыраак сатылат. Үстүнө 3000 сом кошулуп отуруп, 40 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. 100 — 110 миң сомдук билеттер Бизнес-класста болот. Мурун сатып алынган билеттерди дагы авиакомпания алмаштырат”, — дейт Абакиров.

Аны менен катар эле билетти мурун сатып алган адам авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө барып, алмаштырып же акчасын кайтарып алганга укуктуу. Эгер алмаштырам деп, бирок учакта орун толуп калса, кийинки рейс менен кетсе болот. Эгер авиакомпания билетти алмаштыруудан баш тартса, анда кардар көзөмөл органдарына кайрыла алат.

Кардар ден-соолугуна байланыштуу учуп бара жаткан болсо, тийиштүү документтерди көрсөткөндөн кийин авиакомпания жеңилдиктерди көрсөтүшү мүмкүн.

“Азыр рейстердин аз болгондугу үчүн кезектер көп жана баалар ошондой кымбат болушу мүмкүн. Москвага рейстердин жумасына бир эле жолу болгондугу, Орусия тарап эпидемиологиялык абалга байланыштуу, Роспотребнадзор жана Орусиянын саламаттык сактоо министрлиги ушундай шарт койду”, — дейт Абакиров.

“Мурда билет алгандар болсо алмаштырабыз”

Андан сырткары, Жарандык авиация агенттигинин жарандык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Алымбай Абакиров, “Аэрофлот” авиакомпаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшкөндүгүн айтат.

“Мен “Аэрофлот” авиакомпаниясынын жетекчилиги менен сүйлөштүм бул маселе боюнча. Алар, күнүнө бир, эки жолу эшикке чыгып “Мурда билет алгандар болсо алмаштырабыз” деп билдирүү талатып жатышкандарын айтышты” — дейт.

Белгилей кетсек, “Аэрофлот” авиакомпаниясынын сайтында 1-октябрда 21:45те уча турган учакка билеттин баасы 52678 рубль деп турат.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты