«Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизме чыры боюнча Бакир уулу сотко кайрылат

“КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрбөө тууралуу арызын карап, аны канааттандырган жок.

Бакир уулу өз негиздемесинде “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясында талапкерлердин тизмеси боюнча фальсификация болгондугун билдирди.

Турсунбай Бакир уулу:

«Курултайдагы тизме негедир өзгөрүп кетти»

Анын айтымында, партиянын сьездинде талапкерлердин бир тизмеси бекитилип, анда ал 18 — орунда болгондугун, ал эми БШКга партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү анын аты-жөнү жок башка тизме берген.

-Негедир курултайдан кийин тизме өзгөрүп кетти. Ошондуктан мен сиздерге кайрылдым. Одоно бузулуу болду. Ошондуктан бурмаланган, жалган түзүлгөн текстти кабыл албай, чыныгы текстти талап кылгыла деп. Анткени ал бүт партиянын мүчөлөрү баш ийген курултайдын чечими болчу. Ошол тизмени талап кылгыла деп мен силерге кайрылдым, — деди Турсунбай Бакир уулу БШК жыйынында.

«Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери:

«БШКга тизмени бердик. Бизде башка талап жок»

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШК жыйынында мындай деди:

-Бул жерде Кадырбековдун да, башка азаматтардын да аты аталып жатат.,Бброк алар жок. Рахман Разыков деп аталып жатат, жыйырманын ичинде бул киши да жок. Балдар суроо берди, түз эфирдин алдында белгилүү инсандардан кимдер бар, атап койсун деген суроолор болду. Мен республикага белгилүү инсандардын атын атап кеттим. Андан эч маселе жок. Биз Борбордук шайлоо комиссиясына тизмени беришибиз керек. Ал тизмени биз сиздерге бердик, башка талап жок бизде”,-деди Адахан Мадумаров.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова “Партия бизге талапкерлердин тизмесин берген учурдан баштап, тизмени жылдыруу же кандайдыр бир аялдар, жаштар же башка улуттагы адамдар жана башка талаптар сакталбаса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы каттабай коюуга укугу бар. Ал эми съезд кандай өттү, кантип өттү, кимиси чырдады, кимиси макул болду, биздин ишибиз эмес” деп билдирди ЖМКга.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар- добуш берүүнүн жашыруун өткөндүгүн, анан тизмелердин жылдырылышында жол-жоболордун бузулганын” кайталап айтып кетти.

“КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрбөө тууралуу арызын карап, аны канааттандырган жок.

Турсунбай Бакир уулу:

«Сот Венера, Марста болсо да, кайрылам»

БШК жыйынында добуш берүүдө Турсунбай Бакир уулунун арызы канаттандырылган жок. .Бул маселе сот органдарынын компетенциясына тиешелүү болгондуктан, Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы боюнча сотко арыз менен кайрыла тургандыгын билдирди.

-Жетөө мени колдоду, бирөө каршы чыкты. Мында 8 добуш керек экен, сотко дейт, мейли сотко да кайрылабыз. Чындык издөө үчүн мен “Венера, Марста да сот болсо кайрылам” деди ЖМКга Турсунбай Бакир уулу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты