Шайлоого аттанган аткаминерлер (Тизме)

  • 4 года мурун

Алдыдагы парламенттик шайлоого азыр иштеп жаткан жана кызматынан жаңы бошонгон бир катар аткаминерлер аттанды. Иштеп жаткан аткаминерлердин шайлоого бараткандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду.

Алардын аттарын атай кетели.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев парламенттик шайлоого аттанды.



Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев парламенттик шайлоого талапкер катары катышууга аттанды


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова да шайлоого талапкер болот.


Мамлекеттик спорт комитетинин директору Канат Аманкулов “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен. шайлоого катышат.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Мелис Турганбаев“Замандаш” партиясы менен шайлоого аттанат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров аттанды.Улукбек Кочкоров “Биримдик” партиясынын тизмесинде 2- болуп турат.

Борбордук шайлоо комиссисяныны мүчөсү Назарали Арипов “Республика “ партиясынын тизмеси менен шайлоого барат (кызматынап кетти).

Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанды.

Данир Иманалиев Ысык-Көл районунун экс-акими “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барат.

Сууресурстары агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев шайлоого аттанды.


Бакытбек Дүйшембиев — «Бишкек суу канал» чарбасынын экс-директору да шайлоого талапкер.



Татьяна Кузнецова, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри да шайлоого аттанды.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты