COVID-19: 60 учуру катталды

  • 4 года мурун

1-сентябрдагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 60 учуру катталганы белгилүү болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 13;
Ош – 1;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу — 7;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу — 16;

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 2 медкызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3136 учур катталды, алардын ичинен 2483 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43 958ге жетти.

190 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 38 649га жетти.

Бир бейтап каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1060 ка жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты