Беларуста Лукашенкого каршы нааразылык акциялары өттү

  • 4 года мурун

30-августта Беларустун борбору Минскиде жана башка шаарларда Президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылып он миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты.

Баш калаанын Эгемендик аянтынан жүздөн ашуун кишини полиция кармап кетти.

Жүрүштүн алдында Ички иштер министрлиги жарандарга уруксатсыз митингге чыкпоону эскертип, Минск полициясы журналисттерге акциянын катышуучуларынан 100 метр алыс болууну сунуш кылды.

29-августта Беларусь баш калаасынын борборуна 10 миңдей киши, негизинен аялдар жүрүшкө чыкты. Алар «Саша, кызматтан бошотулдуң!» — деп ураан чакырып жатышты.

Ал күнү Минскиде жана өлкөнүн башка аймактарында отуздай киши кармалды.

Беларуста толкундоолордун башталганына 22 күн болду. Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдер маалында кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин отставкасын талап кылышууда.

Бул тууралуу Борбор Азтя жаүылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: RFE/RL.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты